Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Орусиялык укук коргоочу Пономарев коркутууга дуушар болгон


Виталий Пономарев.
Виталий Пономарев.
Москвадагы “Мемориал” уюмунун Борбор Азия боюнча директору Виталий Пономарев коркутууга кириптер болгонун Норвегия Хельскинки комитети жарыялады.
Алардын маалыматына караганда, Пономарев январдын орто ченинде интернет аркылуу түрдүү даректерден өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө коркунуч бардыгын эскерткен каттарды алган.

Норвегия Хельсинки комитети белгилегендей, коркутуу анонимдүү түрдө жасалганы менен Ташкенттен бир эле IP-даректен жиберилгендей.

Электрондук каттардын мазмуну Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык өзбектер тарабынан жазылгандай көрүнгөн.

Бирок “Мемориал” уюму жүргүзгөн лингивистикалык иликтөө ал каттарда өзбек тилинин Кыргызстандагы эмес, Ташкенттеги диалектиси колдонулганын көргөзгөн.

“Мемориал” уюму мындай коркуткан каттарга байланыштуу Орусиянын ФСБсына, Башкы прокуратурасына маалымат берип, иликтөө жүргүзүүнү суранды.

Ал каттарды алган Виталий Пономарев буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы, анын ичинде Өзбекстандагы саясий репрессиялар, абак жайлардагы кыйноолор боюнча бир нече баяндамаларды жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG