Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Орусия: Гомосексуализмди пропагандалоого каршы мыйзам долбоору Батыштын сынына кабылды


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд АКШ Мамлекеттик Дума 1-окууда кабыл алган мыйзам долбооруна камтама экенин билдирди. Аталган мыйзам кабыл алынса, сексуалдык азчылыктардын эркиндигин жана бардык эле орусиялык жарандардын өз оюн ээн-эркин билдирүүсүн чектейт – дейт Америка өкмөтүнүн өкүлү.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Дэвид Диас-Жожье бул сөз эркиндигине болгон чабуул жана «гомосексуализмди пропагандалоо» деген юридикалык түшүнүк жоктугун билдирди.

Жума күнү Орусиянын Мамдумасы гомосексуализмди жайылтууга каршы мыйзамды 1-окууда кабыл алган. Андан кийин Москвада кумса активисттер уюштурган уруксатсыз митингде 20га чукул киши кармалып, бир нече сааттан кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG