Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 00:39

Түштүк Африкада крокодилдерди издөөгө полиция да тартылды


Өткөн жекшембиде Түштүк Африканын Зимбабве жана Ботсвана менен чектешкен аймагындагы ферманы сел каптап, анда багылган 7 миңдей крокодилди суу алып кеткен. Андан бери 2 миңдей крокодил кайра фермага кайтарылды. Эми издөө иштерине полиция да тартылып, жергиликтүү калкка Лимпопо дарыясына түшпөө тууралуу эскертүү берилди.

Түштүк Африканын бул аймагында атайын крокодил баккан фермалар бар. Аларда багылган жаныбарлардын териси кымбат баалуу саркеч буюмдарды жасоого жумшалат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG