Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Түптө жергиликтүү кеңештер район акимин шайлашты


26-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары район акимин шайлашты. Кыргызстанда мындай тажрыйба биринчи жолу болуп жатат. Анткени буга чейин акимди райондук кеңештин депутаттары гана шайлап келсе, мындан ары районго караган бардык айылдардын кеңештери да шайлоо укугун алышты.

Аким шайлоодо 152 депутат жашыруун добуш берди. Натыйжада Ишен Кожалиев 100 добуш менен акимдикке шайланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн облустук администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев район акимдигине Ишен Кожалиев, Руслан Түпеев жана Эркин Кененбаевдин талапкерлигин сунуштаган. (MK)

XS
SM
MD
LG