Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Кыргыз-өзбек чек арасындагы темир жол бекеттери ачыла элек


Өзбек тарап жаап койгон кыргыз-өзбек чек арасындагы 4 бекетте күтүп турган вагондордун саны 300гө чукулдады. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, Кыргызстандын ведомстволор аралык комиссиясы коңшу өлкөнүн тиешелүү жетекчилери менен сүйлөшүүгө аракет кылып жатышканын айткан.

Жолдо туруп калган вагондордо Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдын жүктөрү бар. Бул жол аркылуу негизинен күйүүчү май, азык-түлүк, көмүр, курулуш материалдары ташылат. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевдин айтымында, өзбек тарапта 400дөй вагон, кыргыз тарапта 300дөй турса, анын 170инде күйүүчү май бар.

Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад, Шамалды-Сай темир жол бекеттери 17-январда жабылган. Анын себептери жана качан ачылаары тууралуу маалымат жок. (ErN/AKu)

XS
SM
MD
LG