Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Кыргызстандын КВНчилери Москвадагы мелдешке катышат


Кыргызстандын “Азия микс” КВН командасы Москвадагы Эл аралык КВН союзунун жогорку лигасында, ал эми “Тамашоу” командасы премьер лигада ойноого чакыруу алды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" ушул күндөрү Сочиде КВНге катышып жүргөн “Тамашоунун” административдик директору Нурлан Жаныбеков билдирди:

- Москвага өтүш үчүн негизи Сочиде ойноп, биринчи лигага өтүш керек. Биздин өткөнүбүзгө көп адамдар таң калып жатат. Анткени биринчиден, кыргызстандык болуп жатабыз. Экинчиден, Борбордук Азиянын лигасын уткан команда дагы премьер лигага бара албайт.

Ошентип Орусияда 52 жылдык тарыхы бар КВН мелдешинин жогорку жана премьер лигасына Кыргызстандын командалары биринчи жолу катышмакчы. Оюндар ушул жылы өткөрүлөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG