Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Аба ырайы: 28-январда жаан жаайт



28-январда айрым жерлерде жаан жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +3...+5,
Талас облусунда түнкүсүн -15..0, күндүз +2...+7,
Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз +2...+7,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-4, күндүз -2...+3, Нарында түнкүсүн -18...-13, күндүз -8...-3,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30...-35, күндүз -18...-23,
Тоолордо түнкүсүн -18...-23, ал эми күндүз -12...-17 болот.

Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -1...+1, күндүз +5...+7 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG