Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өттү


Өткөн жумада Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. 26-январда аяктаган бул сүйлөшүүдөгү негизги жетишкендик - тараптар талаштуу аймактардагы чек араны аныктоодо Орусиядагы архивдик материалдарды колдонуу боюнча сунушту жактырышы болду. Бул тууралуу “Азаттыкка" жекшембиде кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди.

Анын айтымында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө былтыр жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, быйыл карала турган маселелердин тизмеси талкууланды. Ага ылайык, 2012-жылдагы сүйлөшүүлөрдү алдын-ала такталган 40 чакырым чек араны быйыл жыл аягына чейин укуктук документтердин негизинде бекитүү макулдашылды.

Муну менен катар эки өлкө ортосундагы талаштуу жерлерди тактоо үчүн бир нече укуктук документтер керек болуп жатат. Мына ушул документтерди аныктоо үчүн Орусиянын архивдериндеги документтерди биргелешип изилдөө сунушталып, ал сунуш жактырылды.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн чек ара тилкесинин жалпы узундугу 970 чакырым. Азырга чейин анын 567 чакырымы такталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG