Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Дүйнө Холокост курмандыктарын эскерүүдө


1945-жылдын 27-январында советтик аскерлер Польшадагы Освенцим концлагерин бошотушкан. 2005-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 27-январды Холокост курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялаган. Быйыл бул тарыхый күн «Холокосттон куткаруу: кайратмандык жана үмүт» деген аталышта белгиленүүдө. Бардык иш-чаралар нацисттердин чеңгелинен он миңдеген жөөттөр менен башка запкы жегендердин өмүрүн сактап калуу үчүн тобокелчиликке баргандарды эскерүүгө арналат.

Тарыхый булактарга таянсак, Холокостто 6 миллиондой жөөт, анын ичинде 1 жарым миллион жашы жетелек балдар менен өспүрүмдөр кырылган.

XS
SM
MD
LG