Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Бакуда демонстранттар административдик жазага тартылды


26-январда болгон демонстрацияда кармалган 3 киши 13 күндөн 15 күнгө чейин убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Алардын арасында таанымал блогер Эмин Милли дагы бар.

Дагы 18 кишиге айып пул салынды. Алардын арасында оппозициялык Азербайжандын Улуттук фронтунун жетекчилигинин мүчөсү Гузел Байрамлы, «Мусават» партиясынын лидеринин уулу Тургут Гамбар, «Азаттыктын» азери кызматынын кабарчысы Хадижа Исмаилова бар.

Ишембиде Бакуда өткөн демонстрация ага чейин Исмаиллы шаарында болгон акциянын катышуучуларына карата зобун-зордук мамилеге нааразылык билдирүү үчүн уюшулган.

XS
SM
MD
LG