Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Медведев: Бала асыроого тыюу салуу - саясий маселе эмес


Орусия президенти Дмитрий Медведев CNN телеканалындагы маегинде америкалыктарга Орусиядан бала асыроого уруксат бербөөнүн максаты - АКШ менен Орусиянын саясий мамилеси эмес, орусиялыктардын көңүлүн жетим балдарга бурдуруу деп айтты.

Орусияда кабыл алынган "Дима Яковлев мыйзамы" юридикалык жактан АКШда ага чейин кабыл алынган "Магнитский мыйзамы" менен байланышы жоктугун билдирди. Премьер Медведевдин айтуусуна караганда, Москвада СИЗОдо өлгөн адвокат Магнитскийдин иши өтө эле саясатташкан.

"Дима Яковлев мыйзамы" болсо АКШ бир катар орусиялык аткаминерлерге Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салган «Магнитский мыйзамына" жооп-чара катары кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG