Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Бишкекте жер астынан өтүүчү жолдо тутанган өрт өчүрүлдү


Бишкекте Манас-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астынан өтүүчү жолдогу чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык өрт коопсуздугу кызматынын жетекчиси Нуржан Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, өрт өткөрмө жолдун ичиндеги соода күркөлөрүнүн биринен тутанган. Тилсиз жоодон үч соода күркөсү толугу менен күйүп кетти. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян болгон жок. Учурда өрт кесепетинен келтирилген чыгым эсептелип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG