Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйыны болбой калды


Жалал-Абад шаардык кеңешинин бүгүн саат онго белгиленген жыйынына “Өнүгүү” партиясынан 15, “Ата-Журт” партиясынан 1 гана депутат келди. “Ата-Журттун” калган депутаттары жана Кыргызстан социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү келген жок. Бүгүн шаардык кеңеш мэрди шайламак. Мэрди шайлоо үчүн 21 депутат катышуусу зарыл. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун айтымында, келбей калгандар өз жүйөөлөрүн түштөн кийин маалымат жыйында түшүндүрөөрүн билдиришкен. Жалал-Абад шаарына мэрликке талапкер катары эки адамдын аты аталууда.

Бүгүн Кыргызстандын 10 шаарында жана 65 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийликтин башчыларын шайлоо өтүүдө. БШКнын маалыматы боюнча, Кара-Балта, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Чолпон-Ата, Талас, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында шайлоо өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG