Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Укук коргоочулар Сулаймановду Өзбекстанга өткөрбөөнү өтүнүштү


Укук коргоочулар кеңеши Кыргыз бийликтерин өзбекстандык Хабибулло Сулаймановду өз мекенине өткөрүп бербөөгө чакырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо уюумунун башчысы Азиза Абдирасулова кабарлады. Ушундай эле кайрылууну эл аралык, Франция, АКШ, Швеция жарандык коом өкүлдөрү Баш прокурор Аида Салянованын атыны жолдошкону кабарланууда.

Хабибулло Сулайманов өткөн жылдын 7-октябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, ошондон бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал буга чейин БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатына, Кыргызстандын Жаштар жана жумуш менен камсыздоо министрлигине качкын макамын сурап кайрылган. Бирок өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Сулаймановду өткөрүп берүү өтүнүчүн канааттандырган.

Башкы прокуратура Сулаймановду Өзбекстанда диний экстремисттик, сепаратисттик уюмдарга тиешеси бар мамлекеттер аралык издөөдөгү киши экенин айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG