Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Сариев: Кыргызстан Кумтөрдү улутташтырууга кызыкдар эмес


Бул тууралуу Экономика жана монополияга каршы саясат министри, Кумтөр ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Темир Сариев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, “Центерра Голд Инк” компаниясы буга чейин өзгөчө келишим менен иштеп келген. Буга чейин башка инвесторлор дагы “Центерра Голд Инк” компаниясы үчүн түзүлгөн жеңилдиктерди аларга да берүүнү суранган учурлар болгон.

Мамлекеттик комиссиянын кортундусу сунуштары менен өкмөткө жана Жогорку Кеңешке берилди.

24-январда өкмөттө Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы талкууланып, жактырылган. Корутундуда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганы, ал бир катар мыйзам бузуулар менен түзүлгөнү айтылат. Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG