Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жаңы мэрлүү болду


Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жаңы мэр болуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан көрсөтүлгөн Абдызакир Ибрагимов шайланды. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын 16сы добуш берген. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын башчылыгына Кыргызстан социал-демократтар жана “Ата-Журт” партиялары көрсөткөн Абиш Калмурзаев 22 добуш менен шайланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдумиталип Абдуллаев кабарлады. Ал эми Кара-Балта шаар мэри болуп 28 добуш менен Данияр Шабданов шайланды.

Бүгүн Кыргызстандын 12 шаарында жана 65 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийликтин башчыларын шайлоо өтүүдө. БШКнын маалыматы боюнча, бүгүн Кара-Балта, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Чолпон-Ата, Талас, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында мэр шайланышы керек болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG