Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Чолпон-Атага жаңы мэр шайланды


Чолпон-Ата шаардык кеңеши бүгүн жаңы мэрди шайлады. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетованын “Азаттыкка” айтымында, шаар мэрлигине үч: “Республика” партиясынан Болот Бакиров, КСДПдан Бактыгул Алиев, “Улуу Кыргызстандан” Мирлан Жукешов талапкерлигин койгон. Шайлоонун экинчи турунда Болот Бакировго 21 депутаттын 11и добуш берди.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаар кеңешинде кворум жоктугунан мэрди шайлоо болбой калды. Майлуу-Сууда "Замандаш-Современник", "Ата-Журт" жана КСДП көпчүлүк коалициясын түзгөн. Бүгүнкү мэр шайлоого "атажуртчу" депутаттар келген эмес. Ал эми Таш-Көмүр шаар мэри болуп көпчүлүк коалиция көрсөткөн "атамекенчи" Болот Миңбаев шайланды. Ага депутаттардын 18и добуш берген. Бул тууралуу "Азаттыкка" аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Айнаш Эргешбаева кабарлады. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG