Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Депутат Кочкоров видео тасмадагы сөздөрү бурмаланганын айтып чыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров бүгүн буга чейин Сох анклавы, чек ара маселелери боюнча эл менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү бурмаланганын айтып, видео кайрылуу жасады.

Өткөн жуманын соңунда интернеттеги социалдык тармактарда Улукбек Кочкоров эл менен жолукканда тартылган видео тасма тарап кеткен. Анда депутат президенттин жеке кабыл алуусунда болгонун айтып, чек ара маселелерин козгогонун, Атамбаев ага кыргыз-өзбек чек арасына байланышкан маселе кошуна өлкөнүн президенти Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин чечилерин айтканын сөз кылган.

Бирок бүгүн депутат Улукбек Кочкоров аталган видео тасмадагы сөздөрү бурмаланганын, эки бир тууган элдин, жетекчилердин ортосунда түшүнбөстүк жана ишенбестикти орнотууга аракет кылгандар бар экенин айтып чыкты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG