Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Египетте толкундоо токтогон жок


Баш калаа Каирде демонстранттардын полиция менен кагылышуусу уланууда. Таш аткан жаштарга полиция көздөн жаш чыгарган газ чачты. Бир кишинин набыт болгону кабарланууда. Кечээ президент Мурси Суэц каналынын боюндагы үч шаарга, анын ичинде Порт Саидге чукул абал жарыялаган. Бул аймактарда апта соңундагы толкундоолордо 50дөн ашык киши курман болду. Толкундоо Порт Саиддеги былтыркы тополоңдогу кан төгүүгө байланыштуу сот футбол күйөрмандарынын өлүм жазасын бышыктагандан чыккан. Мурси кризисти талкуулоо үчүн оппозиция менен улуттук диалог өткөрүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG