Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

“Центерра Голд” кыргыз өкмөтү түзгөн комиссия тыянагын карайт


Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариевдин Бишкектеги маалымат жыйынында билдиришинче, Канадалык компаниянын директорлор кеңеши комиссия корутундусун бүгүн карайт. Буга чейин Канадага комиссиянын корутундусу жөнөтүлгөн.

Корутундуда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганы, ал бир катар мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат.

Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, жаңы келишимде экологияга келтирген зыян үчүн компания жылына Кыргызстанга төлөп жаткан 310 миң доллар аз. Бул сумманы кайра карап чыгып көтөрүш керек. Андан тышкары келишимде рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар камтылып, салык жана башка төлөмдөр Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүрүшү керектиги белгиленген.

Буга чейин өкмөт жана Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция комиссиянын жыйынтыгын жактырган болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG