Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 00:24

“Залкар Банкты” сатуу боюнча аукцион өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2011-жылы төрт ирет аукционго коюлуп, банкты сатып алууну көздөгөн кардарлар аз болгону өтпөй калган. Былтыр 1-декабрга белгиленген аукцион болсо сатып алууну каалаган кардарлардын суранычы менен бүгүнкүгө жылдырылган.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт тарабынан улутташтырылган “Азия Универсал Банктын” ордуна түзүлгөн “Залкар Банк” адегенде 1 миллиард 80 миллион сомго бааланып, инвесторлордон расмий сунуш келбегендиктен учурдагы баасы 702 миллион сом деп көрсөтүлгөн, же 35 пайызга арзандаган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG