Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 06:45
Европанын сейсмологиялык борборунун расмий сайты билдиргендей, бүгүн саат 22:38де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. 6,1 магнитудасындагы жер титирөөнүн очогу Ысык-Көлдүн Түп айылынан чыгышты көздөй 119 чакырым, Алматы шаарынан 246 чакырым алыстыктагы Казакстандын аймагында жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын аймактарында канча баллга жеткени азырынча белгисиз. Сейсмология институтунун кызматкерлери зилзаланын күчү алты баллдан ашканын, учурда маалыматтар иштелип чыгып жатканын “Азаттыкка” билдиришти. Жер титирөөнүн күчү Бишкек шаарында да байкалды.(KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG