Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

ӨКМ: Жер титирөөдөн жабыркоолор катталган жок


28-январьдын кечинде Кыргызстандын түндүгүндө жер титирөөдөн жабыркоолор жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан 100 чакырым алыстыктагы Казакстандын аймагында экени аныкталды. Жер силкинүүнүн күчү Ысык-Көлдөгү Жыргалаң аймагында 6,5 балл, Караколдо 6 балл, Ысык-Көл облусунун аймагында 5,5 балл, Бишкекте 4 баллга жеткен.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен жер титирөөнүн күчү жогору болгон аймактарда адистер иштеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG