Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Бишкекте жолбун ит-мышыктар үчүн жай курулат


Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында мэр Иса Өмүркулов тиешелүү документке кол коюп, шаардык кеңешке жөнөттү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мындай жай курууга жана дары-дармек алууга 25 миллион сом сарпталат. Жай курулгандан кийин гана жолбун ит-мышыктарды атып өлтүрүү токтотулат.

Былтыр шаарда 13 миңге жакын жолбун ит-мышык атылган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп. (EBM)

XS
SM
MD
LG