Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Жалал-Абад: Ташиевдин тарапкерлери митингге чогулду


Жалал-Абадда Сузак районуна караштуу Барпы айылында Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери митинг өткөрүп жатат. Болжол менен 400дөй адам чогулду. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, анда жер-жерлерде нааразылык акцияларды өткөрүү үчүн штабдар түзүлөрү айтылды. Ташиевди актап, абактан чыгаруу боюнча кайрылууларга жооп болбогону үчүн бийлик айыпталды.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Бул депутаттардын соту 10-январда башталган. (YA/EBM)

XS
SM
MD
LG