Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Ташиевдин тарапкерлери оппозициялык “Эл үнү” кыймылына кошулат


Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин камалышына байланыштуу нааразылык акцияларды уюштуруу комитетинин төрагасы Медер Үсөнөв бүгүн Барпы айылындагы митингде билдирди. Анын айтымында, мындай нааразылык акциялар эртең Сузактын башка бир нече айылдарында өткөрүлөт. Ошондой эле Жалал-Абадда 31-январда облустук акимчиликтин алдына чогулуу үчүн шаардык мэрияга кат жолдонду. Азыр Барпыдагы митинг уланууда.

Оппозициялык “Эл үнү” саясий кыймылы ушул айдын башында түзүлгөн. Ага ондон ашык партиялардын жана коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү кирген. Кыймылдын өкүлү Азимбек Бекназаров “Эл үнү” жыл жаңыргандан кийин саясий дааватка чыгарын маалымдаган болчу. (YA/EBM)

XS
SM
MD
LG