Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Караколдо киши тоногондор изи сууй электе колго түштү


Ысык-Көл облусунун борбор шаарында уюлдук телефондорду тоноп алып жүрүшкөн
жарандар колго түшүрүлдү. Бул туурасында бүгүн облусттук ички иштер
башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында шаарда жарандардын уюлдук телефондорун тоноп жүрүшкөн
жаш жигиттер Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургундары: Батыржан
А., Турар М., Рамис Б., Бекболот М. экени аныкталды.

Жабырлануучулар Ак-Суу районунун Челпек жана Таш-Кыя айылынын
тургундары Тенизбай Б. жана Ислам Р. айтымында, алар Каракол муз
аянтына коньки тебүү үчүн келишкен. Алардын жанына 23.30 чамасында
төрт бала келип коркутуп, күчкө салып уюлдук телефондорун алып, изин
жашырышкан. Болгон окуя тууралуу жабырлануучулар кайгуул күзөт
кызматкерлерине кайрылышкан.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам чараларынын натыйжасында тоноого шектүү кишилер кармалып, күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Аларды тинтүү учурунда далил
заттар - уюлдук телефондор алынды, деп белгиледи басма соз катчы Сталбек Усубакунов. (MK)

XS
SM
MD
LG