Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

"Манастын" 4 түрк студенти мушташка тиешеси бар деп кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, бүгүн таңкы саат 4төр чамасында Совет менен Токтогул көчөлөрүндө балдар мушташып жатканы тууралуу кабар түшкөн. Оперативдүү топ окуя болгон жерге барганда “Смарт” жеке күзөт агенттигинин Нурлан Байнаев деген кызматкерин түрк улутундагы белгисиз адамдар сабап кеткени аныкталган. Көчөлөрдүн кесилишиндеги “Мото” соода борборундагы көңүл ачуучу жайдын жака белиндеги видео жазууларды алып, сабады деп шектелген кыргыз-түрк “Манас” университетинде окуган төрт түрк жараны кармалды. Алар учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын тергөө абагында камалып турат жана тобу менен бейбаштык кылган деген айып менен кылмыш иш козголду.

Байнаев денесинин бир канча жеринен жаракат алып, ооруканада жатат. Кылмышка шектүү деген башка түрк улутундагы студенттерди аныктап, иликтөө уланууда. Бакыт Сейитов алдын ала маалымат боюнча, бул мушташ көңүл ачуучу жайдын алдында топтолуп турган түрк студенттерге Байнаев тарагыла деген сөзүнө байланыштуу чыкканын билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG