Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү Көк-Таштагы окуяны талкуулады


28-январь түнү Кыргызстандын Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айыл жаштар ортосунда мушташ болгон. Жаӊжалдан кийин түн жарымда чоркулук 10 чакты жаштар Көк-Таш айылындагы 4-5 үйдүн, кичи дүкөндүн жана мектептин айнегин талкалаган.

Бул окуя боюнча Көк-Таш айылында өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн жетекчи орун басары Саитжан Эратов менен Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын орун басары Жумабай Сангинов, ошондой эле жергиликтүү милиция кызматкерлери бүгүн жолугушуу өткөрдү. Жыйынтыгында бул окуяны биргелешип иликтеп-тергөө, чыгымды калыбына келтирүү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону макулдашты.

31-январда тараптар дагы бир сыйра кездешип, кошуна эки айылдын жаштарынын ынтымагын бекемдөө үчүн спорттук иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.(JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG