Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Бишкек: ушул айда электр акысы 27 миллион сомго көп чогулду


“Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, электр энергиясы үчүн акы ушул айда былтыркы январга караганда 27 миллион сомго көп жыйналды. Аргынбаев муну журналисттер менен биргеликте уюштурулган рейддер, аны коштогон чуулуу окуялар менен түшүндүрдү.

“Түндүкэлектр” 15-24-декабрь күндөрү Бишкекте "Ата-Түрк" паркынын жанында Малдыбаев көчөсүндөгү хан сарайларды текшерген. Натыйжада 23 үйдө электр энергиясын мыйзамсыз колдонгон фактылар аныкталган жана миллиондогон сом чыгым келди деп эсептелген. “Түндүкэлектр” мындан улам чара көрүүнү өтүнүп, ИИМдин коррупцияга каршы күрөш башкы башкармалыгына кайрылган болчу. Электр акысынан качкандар тууралуу сюжет тартып жүргөн Коомдук телерадио корпорациясынын эки кабарчысы сабалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG