Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Казакстан-Кыргызстанда 6 баллдан күчтүү зилзала болду


Жер титрөөнүн очогу Алматыдан 225 чакырым түштүк-батыштагы тоолордо жер 6, 6 баллга жетип силкингенин Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Алматыда үйлөр титирегенден улам шаар калкы түндү сыртта өткөргөнү кабарланды.

Жер Кыргызстандын Казакстанга чектеш Ысык-Көл жана Чүй бөлүгүндө да солкулдады. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаланын күчү Жыргалаң аймагында 6,5 баллга, Караколдо 6 , Ысык-Көл облусунда 5,5 , Бишкекте 4 баллга жеткенин билдирди.

Ак-Суу районундагы жер титирөөнүн зыянын иликтеген комиссия Жыргалаң көмүр кенинде ураган жерлер бар экенин аныктады. Бул жөнүндө “Азаттыкка” район акиминин орун басары Данияр Арпачиев маалымдады.

XS
SM
MD
LG