Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Жогорку Кеңеште "Ош шаарынын макамы жөнүндө" мыйзам талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңеш “Ош шаарынын макамы жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун биринчи окууда караганы жатат. Мыйзам долбоорго ылайык, буга чейин Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеңешинин иши "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам менен аныкталып келсе, эми Ош шаары өзүнчө мыйзамдын негизинде башкарылат.

Демилгечи депутаттардын бири Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул мамлекеттик маанидеги экинчи шаар саналган Ошту башкарууну жакшыртууга, ыйгарым укуктарды күчтөндүрүүгө багытталган. Ошондой эле шаардык кеңештин укуктары кеңейтилип, шаардык бийликтин ишине көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат.(BkA)

XS
SM
MD
LG