Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Нурмолдонун 175 жылдыгы белгиленет


Бишкекте ойчул акын жана агартуучу Нурмолдо Наркул уулунун 175 жылдыгы белгиленет. Буга карата бүгүнтөн тарта Улуттук китепканада “Нурмолдо - белгилүү инсан, манасчы, агартуучу жана төкмө акын" аттуу китеп көргөзмөсү ачылат. Анда алгачкы жазгыч акындын китептери, ал жөнүндө ар кыл тарыхый маалыматтар окурмандардын назарына тартууланат.

Нурмолдо Наркул уулу 1838-жылы Жалал-Абаддын Ала-Бука аймагында төрөлгөн. Ал өз айылында молдодон билим алып, кийин билимин Намангандагы медреседен уланткан. Кийин өзү балдарды окутуп, диний гана билим бербестен, шакирттерине кыргыз тилинде “Манас” эпосун, “Ай тааным” деген аталыштагы айыл чарба багытындагы сабактарды киргизген. Адабиятта болсо замана агымындагы алгачкы жазгыч акын катары таанылган. Совет доорунда анын чыгармачылыгына тыюу салынып, изилденген эмес. Анын чыгармалары алгач жолу 2003-жылы бир томдук жыйнак болуп басылып чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG