Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Укук коргоочулар Сулаймановду Өзбекстанга өткөрбөөнү өтүнүшүүдө


Укук коргоочулар кеңеши Башкы прокуратуранын өзбекстандык имам Хабибулло Сулаймановду мекенине өткөрүү тууралуу чечимине кабатыр болушууда. Бул тууралуу аталган кеңеш шейшембиде тараткан билдирүүдө айтылат. Укук коргоочулар Сулаймановдун Өзбекстанда куугунтукка туш болгонун айтышып, кыргыз бийликтерин аны мекенине өткөрүп бербөөгө чакырышты.

Өзбекстанда диний экстремисттик, сепаратисттик уюмдарга тиешеси бар деп күнөөлөнгөн Хабибулло Сулайманов өткөн жылдын 7-октябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, ошондон бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал буга чейин БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатына, Кыргызстандын Жаштар жана жумуш менен камсыздоо министрлигине качкын макамын сурап кайрылган.

Бирок өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Сулаймановду өткөрүп берүү өтүнүчүн канааттандырган. Сулаймановдун адвокаты Токтогул Абдиев Башкы прокуратуранын мындай чечимине макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот адвокаттын арызын 5-февралда караганы жатат. (BkA\KE)

XS
SM
MD
LG