Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк жайларында жарылуу болгонун байкаган эмес


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин Ирандын Фордодогу өзөктүк жайларында жарылуу болгонун байкабагынын билдирди. Мындай билдирүүнү МАГАТЭнин маалымат кызматы Израил маалымат каражаттарындагы өткөн жумада Ирандын Фордодо жайгашкан жер алдындагы уран байытуучу жайында жарылуу болуп, андан көп зыян келгени тууралуу жаңылыгынан соң таратты. Иран болсо мындай маалыматтарды Израил жана айрым Батыш маалымат каражаттарынын жалган пропагандасы деп баалап жатат. Ал ортодо АКШ да мындай маалыматка ишенбей турганын шардана кылды.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып, өзөктүк курал жасайт деп кооптонуп келет. Программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастаган Иран аны үзгүлтүккө учуратууга умтулганы үчүн маал-маалы менен АКШны жана Израилди айыптап жүрөт. БУУнун Коопсуздук кеңеши бир нече жолу Иранга уран байытууну токтотуу резолюция кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG