Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусундагы Түп районда зилзаланын айынан 12 үйдө жарака кетти. Дагы 3 там толук оңдоп-түзөөгө муктаж. Райондук жарандык комиссия жер титирөөнүн кесепетин тактоону бүгүн да улантмакчы.
Буга чейин Ак-Суу районундагы Жыргалаң шахтасынын ичинде ураган жерлери бар экени катталган.
28-январь түнү Кыргызстандын түндүгүндө жер титирөө катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан 100 чакырым алыстыктагы Казакстандын аймагында болду. Жер силкинүүнүн күчү Ысык-Көлдөгү Жыргалаң аймагында 6,5 балл, Караколдо 6 балл, Ысык-Көл облусунун аймагында 5,5 балл, Бишкекте 4 баллга жеткен. (EBM)