Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Экспертиза жүргүзгөн көз карандысыз жеке уюмдар түзүлөт


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында “Соттук экспертиза иши жөнүндө” мыйзамдын долбоорун талкуулады. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов бул мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанда жеке менчик экспертиза уюмдарын ачууга жана алардын корутундусун соттук териштирүүдө пайдаланууга жол ачыларын маалымдады. Коомчулукта мамлекеттик экпертизанын корутундусуна канааттанбаган учурлар көп экенин, жеке менчик уюмдар түзүлсө, бул тармакта атаандаштык жараларын белгиледи. Айрым депутаттар коррупцияга жол ачылышы ыктымал деген кооптонууларын айтты. Соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG