Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

ЖК: Бишкек, Оштун макамы жөнүндө мыйзамдар чогуу каралат


Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары тууралуу эки мыйзамды бир чогуу, же өз-өзүнчө кароого байланыштуу талаш-тартыш чыкты. Натыйжада көпчүлүк добуш менен келерки аптада экөөнү бир күндө кароо чечими кабыл алынды. Мыйзамдардын демилгечиси, “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун өтүнүчү менен эки шаардын макамдары тууралуу мыйзам экиге бөлүнгөнүн билдирди.

Негизинен мыйзам долбоордо мэр шайлоого байланыштуу кайчы пикир жаралып жатат. Текебаев жаңы мыйзам боюнча борбор шаар башчыларын шайлоого өкмөт башчы аралашарын маалымдаган. Башка топтор Бишкек менен Оштун башчысын жеригиликтүү эл шайлашы керектигин билдирип келет.

Оштун мэри, келерки айда, февралда шайланат. (EBM)

XS
SM
MD
LG