Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Президенттин аппаратына Бекназаровдон 16 миллион сом боюнча документтер келген


Президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты Азимбек Бекназаровдон 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдөгү сейфтен алынган 16 миллион сомдун кантип сарпталганы боюнча актылардын, тил кат документтердин сапатсыз көчүрмөлөрү тиркелген кат келгенин билдирди. Бирок аппарат мындай ишти иликтей турган орган эместигин айтып, документтерди тиешелүү органдарга жөнөтүүнү сунуштады.

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, документтер почта аркылуу келген, Атамбаев Бекназаров менен бир канча айдан бери көзмө-көз жолуга элек.

Ушул тушта Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Элдик кайрат” кыймылынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүн иликтеп жатат. Алар 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдөгү сейфтен табылган акчаларды Бекназаров алып кеткен деп жарыялаган. Бекназаров бул айыптарды төгүндөөдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG