Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Аба ырайы: кар көчкү, сел коркунучу бар


Кыргызстанда 30-январдагы жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (65-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

30-31-январда абанын температурасы жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеген аймактар кар тез ээрип, ойдуң жерлерди суу капташы ыктымал.

31-январда айрым аймактарда жаан-чачын болот. Түнкүсүн Чүй менен Таластын кээ бир жерлерин туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0... -7, күндүз +2... +7 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз +1…+6 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2... +3, күндүз +5 ...+10 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... -8, күндүз 0... +5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -8... -13, күндүз -1... -6 градус болот.

Бишкекте 31-январда күндүз маал-маалы менен жаан-чачын болот, туман капташы ыктымал. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус суук, күндүз +3…+5 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG