Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Казакстан: авиакырсыкта кыргыз жараны да көз жумганы тастыкталды


Тышкы иштер министрлигинин маалымат-атташеси Чыңгыз Эсенгул уулунун “Азаттыкка” маалымдашынча, 29-январда Казакстанда авиакырсыкта көз жумгандардын бири Акрам Низамов аттуу Кыргызстандын жараны экени такталды. Низамовдун сөөгүн бүгүн анын бир тууган эжеси тааныды. Сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулдугу документтерди ырастап жатат. Эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин макулдашуусуна ылайык, казак тарап Низамовдун сөөгүн Кыргызстандын чек арасына чейин жеткирип берет.

Кечээ Көкчөтоо-Алматы каттамындагы учак Алматынын жанына кулап түшүп, ичиндеги 21 адамдын баары ажал тапкан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG