Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Баткенде чарбактыктардын митинги бүгүн да уланды


Баткендин Сох анклавы менен чектешкен Чарбак, Согмент айылынын 100гө жакын тургуну облустук акимият алдындагы митингин бүгүн да улантышты.”Азаттыктын” аймактагы кабарчысы кабарлагандай, алар Өзбекстандын аймагы менен чектешкен чек араны тактап, тосмолоп берүүнү талап кылышууда. Колдоруна “Чек ара качан чечилет?”, “Чарбакты ким коргойт?” деген сыяктуу жазууларды көтөргөн тургундар чек ара маселеси тезинен чечилбесе, чек ара аймактарындагы чырдын аягы тыйылбай турганын эскертип жатышат.

Облустук бийлик өкүлдөрү маселени борбор менен кеңешип, анан чечүүгө болоорун айтып түшүндүрүүдө.

Бүгүн кечке маал өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Баткенге барганы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, Искандаров эртең митингчилер менен жолугуп, андан соң Чарбак айылына барат.

5-6-январда Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор ошондон бери жабык. (JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG