Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

“Чек арасыз кабарчылар” сөз эркиндигинин рейтингин чыгарды


"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун эн белгиси

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун эн белгиси

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму бүгүн жарыялаган дүйнөдөгү басма сөздүн абалына баа берген жылдык отчетунда Ооганстан мурдагыга салыштырмалуу 22 орунга көтөрүлгөн. Бул “азыр камакта бир да журналист жок экенине” байланыштуу экенин айтышты. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюмдан айтышкандай, Ооганстан “чет өлкөлүк аскерлердин мамлекеттен чыгарылышы менен байланышкан дагы толтура кыйынчылыктар алдында турат”.

Орусиянын орду мурдагыдан алты позицияга төмөндөтүлгөн, анткени “оппозициянын күтүүсүз наарзылык акцияларына жооп иретинде бул өлкөдө репрессия күчөгөнү” айтылат.

“Чек арасыз кабарчылардын” Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Йохан Бихр “Азаттыкка” билдиргендей, жалпы Борбор Азия регионунда эң жогорку көрсөткүч Кыргызстанда байкалды.

"Кыргызстан азыр биздин рейтингде 106-орунду ээледи, бул – Борбор Азия боюнча эң мыкты көрсөткүч, - деди Бихр. - Бирок көз карандысыз журналисттер үчүн кыйынчылыктар дале бар, өзгөчө маалымат каражаттарынын эркиндиги дале суроо жаратууда. Маалымат мейкиндигинин саясатташып кеткени, түрдүү тараптардын кызыкчылыгына иштөөсү дале жогору. Андан сырткары, медиада өзгөчө улуттук азчылыктарды жекирген сөздөр тынчсыздандыра турган көрүнүш".

Түркмөнстан бул тизмеде 177-орунга, этегинен эсептегенде үчүнчү орунга коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG