Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Ооганстандагы жардыруудан эки жаш бала набыт болду


Бүгүн Ооганстандын чыгышында базардагы жардыруудан эки жаш бала набыт болду. Окуяда төрт жайкын тургун жаракат алганын жергиликтүү бийликтер кабарлашты. Хост провинциясындагы жетекчиликтен кабарлашкандай, базардагы күркөлөрдүн бирине катылган бомба ал жерден полициянын кайгуулу өтүп баратканда жарылып кеткен. Бирок полисмендердин ичинде өлгөндөр же жаракат алгандар болгону тууралуу кабар түшө элек. Чабуулду ким жасаганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG