Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Жогорку Кеңеш мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды талкуулайт


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды мамлекетке кайтарып алуу боюнча өкмөттүк саат өткөрүлөт. Депутат Каныбек Осмоналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин парламент мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтарып алууга өкмөткө атайын тапшырма берген. Бүгүнкү жыйында өкмөт мүчөлөрү бул багытта жасалган иштер боюнча маалымат берет.

Буга чейин Башкы прокуратура атайын текшерүү жыйынтыгында 50гө жакын бала бакча жана мектеп имараттары мыйзам бузуу менен менчиктештирилгени аныкталганын билдирген.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, өлкөдө 700гө чукул бала бакча жетишпейт. 1990-жылдары 1,5 миңден ашуун бала бакча болсо 2007-жылы алардын саны 488ге чейин азайып кеткен. Учурда өлкө боюнча 741 бала бакча иштетй. (BkA)

XS
SM
MD
LG