Жерүй кенин иштетүүдөн четтетилген “Жерүй-алтын” ишканасы эл аралык сотко кайрылса, кыргыз өкмөтү өз чечиминин мыйзамдуулугун далилдөөгө даяр. Бул тууралуу экономика министрлигинен кабарлашты.
Министрлик аталган компания 4 жыл боюнча келишимди аткарбаганы үчүн лицензиядан ажыратылганын кабарлап, жаңыдан жарыялана турган сынакка башка компанияларды чочулабай катышууга чакырууда.
Буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттик Жерүй кенин ишетүүгө сынак январдын аягында жарыяланаарын билдирген.
Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени болуп саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)