Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

АКШ Орусиянын укук коргоо жаатында келишимди токтотконуна өкүнөт


АКШ Орусиянын эки өлкө ортосундагы укук коргоо жана маңзатка каршы биргелешип күрөшүү боюнча келишимди токтотуу чечимине өкүнөөрүн билдирди. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд бул кадамды келечексиз чечим деп баалады.

Орусиянын өкмөтү бул келишим азыркы шартка туура келбейт деген жүйөө менен токтотулганын шаршемби күнү жарыялаган. 2002-жылы кабыл алынган келишимге ылайык, АКШ Орусияга мыйзамсыз маңзат жүгүртүү, адам сатуу, коррупция, терроризм жана интернет технологияларына байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп келген.

Орусиянын мындай чечими АКШ менен мамилеси салкындаган мезгилге туш келип жатат. Орус Мамлекеттик думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков мындай чечимдер менен Москва Вашингтонго болгон көз карандылыгынан биротоло кутулуп жатат деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG