Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Чукул кырдаал министри жер титирөөнүн кесепети менен таанышат


Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн Ысык-Көлгө жер титирөөнүн кесепеттери менен таанышуу үчүн жөнөп кетти. Аталган министрликтен кабарлашкандай, Ысык-Көлдө зилзаладан жалпысынан 20дан ашык үйдө жана эки мектепте жарака кетти. Бир там толук оңдоого муктаж. Кыдырып текшерүү иштери бүгүн да уланмакчы.

28-январь түнү Кыргызстандын түндүгүндө жер титирөө катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан 100 чакырым алыстыктагы Казакстандын аймагында болду. Жер силкинүүнүн күчү Ысык-Көлдөгү Жыргалаң аймагында 6,5 балл, Караколдо 6 балл, Ысык-Көл облусунун аймагында 5,5 балл, Бишкекте 4 баллга жеткен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG