Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Өзүн өзү өрттөгөн аялдын абалы канааттандырарлык


Жыпаркан Өмүрова өрт өчүрүлгөндөн кийин. Бишкек, 31-январь.
Жыпаркан Өмүрова өрт өчүрүлгөндөн кийин. Бишкек, 31-январь.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Ак үйдүн алдында өзүн өзү өрттөгөн аял Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгерлер анын 2-3 даражадагы күйүк алганын аныктады. Учурда абалы орточо оор деп бааланууда.

Бүгүн күндүзгү саат он бирден өткөндө Ак үйдүн алдында Нарындан келген Жыпаркан Өмүрова деген аял өзүн-өзү өрттөп жиберген. Милиция кызматкерлери өрттү өчүргөнгө жетишип, аялды дароо тез жардам алып кеткен.

Өзүн өрттөгөн аял сот чечимине нааразы болгондон улам ушундай кадамга барганы айтылууда. Анын баласы бирөөнү топтошуп алып сабады деген айып менен 13 жылга кесилип кеткен экен.(EBM)

XS
SM
MD
LG