Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Аба ырайы: чукул кабар


Кыргызстанда 31-январдан 5-февралга чейин жааган жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

1-февралда түнкүсүн айрым аймактарда жаан-чачын болот. Түнкүсүн Чүй менен Таластын кээ бир жерлерин туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1... -6, күндүз +5... +10 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз +3…+8 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1... +4, күндүз +7 ...+12 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2... -7, күндүз +1... +6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -8... -13, күндүз -1... -6 градус болот.

Бишкекте 1-февралда түнкүсүн маал-маалы менен кар жаап, туман капташы ыктымал. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз +5…+7 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG